Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БУУнун Кыргызстандагы өкүлү "Даңк" медалы менен сыйланды

23.06.2022 15:21
606
БУУнун Кыргызстандагы өкүлү "Даңк" медалы менен сыйланды


Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелого "Даңк" медалы ыйгарылды. Сыйлыкты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-июнда тапшырды. Анда Ожиелого бул даражалуу медаль коронавирус пандемиясы маалында эл аралык жардам берүүнү жана Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууну уюштурууга кошкон салымы үчүн берилгени айтылат.

Акылбек Жапаров "БУУну мекемелерине Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө, адам укугун коргоого, гендердик теңчиликти сактоого, демократиялык институттардын өнүгүшүнө, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, саламаттык сактоо тармагына, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, терроризм-эстремиздин алдын алууга жана маңзат соодасын каршы аракетке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Озонниа Ожиело бул сыйлыктын ыйгарылганына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эли, жери жана бул өлкөдө өтөгөн кызматы ар дайым жүрөгүндө болорун билдирди",-деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Озонниа Ожиелонун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктап жатат. Ал БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү болуп 2017-жылдан тартып иштеп келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн