Кулжа 23, 2025
Убакыт: 15:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын объектилерине болгон соккуларга байланыштуу жыйын өткөрдү

23.06.2025 12:20
17
БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын объектилерине болгон соккуларга байланыштуу жыйын өткөрдү


Күн мурун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын өзөктүк объектилерине болгон акыркы соккуларга байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу БУУнун өздүк сайтына жарыяланды.


Маалыматта аталган жыйын Иран өлкөсүнүн өтүнүчү менен өткөрүлдү деп белгиленет. Анда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Иранга жасаган соккусун жалпы регион үчүн “кооптуу бурулуш” деп атаган.


Ал Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин баарын айыптап, "бир жак сокку урса, экинчиси жооп кайтарат" деген көрүнүш башталышы мүмкүн экенин эскертти. Жана ошондой эле мунун алдын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жана тынчтык жолу менен маселени чечүү маанилүү экендигин айтты.


Ошондой эле Гутерриш Иранга байланыштуу согуштук аракеттерди дароо токтотууга жана өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырды. Ал Иран өзөктүк куралды жайылтпоого байланышкан эл аралык келишимдерди сакташы керектигин, ал эми бардык мамлекеттер эл аралык укук талаптарын аткарышы зарыл экенин баса белгиледи.


«Биздин алдыбызда же согуш, же тынчтык деген тандоо турат. Туура жол – дипломатия жана диалог», – деди ал.


Ал эми башкы катчынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча бул кооптуу кагылышуунун кесепети бүтүндөй дүйнөгө тийиши мүмкүн экендигин эскертип, “Иран парламенти энергия булактарын дүйнө жүзүнө ташуучу өтө маанилүү деңиз жолу болуп саналган - Ормуз кысыгын жабуу чараларын колдоого даярдыгын билдирди. Бул маселе боюнча акыркы чечимди Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши кабыл алат. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, бардык мамлекеттердин деңизде жүрүү боюнча укуктары менен милдеттери эске алынышы керек”, - деди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн