Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БУУнун баңгизатка каршы күрөшүү программасы финансылык чалгындоо кызматына атайын жабдууларды өткөрүп берди

11.12.2020 17:30
1088
БУУнун баңгизатка каршы күрөшүү программасы финансылык чалгындоо кызматына атайын жабдууларды өткөрүп берди

2020-жылдын 11-декабрында БУУнун баңгизатка каршы күрөшүү программасы менен КР  өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо кызматы менен кызматташтык планын ишке ашыруунун алкагында, БУУнун мамлекеттер үчүн Программасынын "Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын жүгүртүлүшүнө жана терроризмдин алдын алуу" 1-кичи программасынын алкагында "Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди натыйжалуу издөө жана кайтарып берүү потенциалын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Америка Кошмо Штаттары мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына атайын жабдууларды өткөрүү боюнча расмий азем өттү.


Иш-чарага Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы  Араев Азамат Муратович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 5-саясий департаментинин директорунун кеңешчиси  Тургуналиев Эрмек Топчубекович, БУУнун  Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы  Андрей Михайлович Селезнев, БУУнун  Улуттук координатору - Таласбаев Дүйшөн жана Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлери катышты.


Иш-чарада финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Анарбаев жыйын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: “БУУнун  Программалык кеңсеси көптөгөн жылдар бою террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга  каршы күрөшүү боюнча улуттук тутумду өркүндөтүүдө техникалык жардам көрсөткөн ишенимдүү өнөктөш бойдон калгандыгын баса белгилегим келет. Каржылык коопсуздукту камсыздоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана эл аралык коомчулукта өлкөнүн беделин көтөрүүдө зор салым кошууда"-деди.


Андан кийин жабдууларды өткөрүп берүүнүн расмий бөлүгү болуп, келечек пландары талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн