Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш талибандарды элдин коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдады.
Белгилүү болгондой, Гутерриш талибандардын Кабулду жана Ооганстанды бүтүндөй басып алуусуна тынчсызданып турганын белгиледи.
Ал 16-августта БУУнун алдындагы Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогуларын билдирди.
Гутерриш талибандардан адам өмүрүн жана укугун сактоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн