Теке 05, 2024
Убакыт: 03:28
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

БУУнун башкы катчысы Кыргызстандын динамикалык өнүгүүсүн белгиледи

02.07.2024 16:25
50
БУУнун башкы катчысы Кыргызстандын динамикалык өнүгүүсүн белгиледи


БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамикалык өсүп-өнүгүүнү көрбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда белгиледи.

Өз сөзүндө Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин айтты.

“Чек араны биринчи Өзбекстан менен, азыр Тажикстан менен ийгиликтүү чечүүгө болгон чечкиндүүлүк Кыргызстан тынчтыктын символу экенинин далили болуп саналат. Ал эми тынчтык, ошону менен бирге туруктуу өнүгүү Бириккен Улуттардын Уюму үчүн абдан маанилүү. Кризиске, согуштарга, климаттын өзгөрүшүнө, оор эл аралык каржылык кырдаалга, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө пайда алып келбеген эл аралык каржы архитектурасына толгон дүйнөдө болгон бардык тоскоолдуктарга карабастан, Кыргызстан абдан туруктуу өнүгүүнүн туура прогрессивдүү жолуна түшө алды”, - деди ал.

Ошону менен бирге БУУнун башкы катчысы Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул башка өлкөлөр үчүн үлгү экенине токтолду.

Мындан сырткары, Гутерриш БУУнун Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстандын өкмөтү туруктуу өнүктүрүү максаттарын жана 2030-жылга чейинки күн тартибин толук ишке ашыруу боюнча милдеттенме алганын толугу менен баалай турганын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн