Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы октябрь айынын соңуна чейин гана жетет, баа кеминде 15 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Россиянын ички рыногунда күйүүчү май тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга чектелүү көлөмдө жеткирилип жатат. Буга байланыштуу Экономика министрлиги баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн бир катар чараларды сунуштоодо:
- салык жүгүн убактылуу чектөө (акциздик салык, КНС, Жол фондуна чегерүү, күйүүчү майларды маркировкалоо, экологиялык салык, күйүүчү-майлоочу материалдарга сертификат берүү). Бул төлөмдөр өздүк нарктын болжол менен 20 пайызын түзөт;
- нефтетрейдерлерге Россиянын заводдорунан күйүүчү-майлоочу майларды кымбатыраак баада сатып ала алышы үчүн насыя берүү. Бул ыкма мурда да дефицит шартында натыйжалуулугун көрсөткөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстан жылына болжол менен 1,4 миллион тонна мунай продуктуларын керектей турганын билдирди. Учурда нефтетрейдерлер менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, резервдер, жеткирүүлөр жана баанын түзүлүшү талкууланып жатат.
Эске салсак, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май боюнча абал бир топ курч экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн