Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баалар тынымсыз өсүүдө. Айлык акы, пенсияларчы?

25.02.2021 09:59
1002
Баалар тынымсыз өсүүдө. Айлык акы, пенсияларчы?

Баалар тынымсыз өсүүдө. Айлык акы, пенсияларчы?

Акыркы 2-3 айдан бери карай Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасы тынымсыз өсүүнүн үстүндө болууда. Ансыз да өп-чап турмушта жашап келген басымдуу кыргызстандыктардын жашоосу дагы да оорлошту. Айдын аягында колго тийген айлык акы, пенсияларды бир айлык азык-түлүккө жеткирүү  мүмкүн болбой калды. Мурдагы баалар менен эсептегенде жашоо минимуму үчүн 5600 сом жетиштүү болгон болсо, ал суммага азыр жарым ай тамакты тарта жегенде да жеткирүү мүмкүн эмес.


Күнүмдүк тамак-аш үчүн эң керектүү деп эсептелген эттин баасы дээрлик 100-130 сомго чейин көтөрүлдү. Мисалы, 2020-жылдын баш чендеринде уйдун этинин бир килосу 330-350 сом болсо, азыр 450 сомдон жогору. Койдун эти 300 сом болуп келсе, эми 430-440 сом. 300 сомдон сатылып келген жылкынын эти эми 380 сомду чапчыды. Мурда дүкөндөрдүн текчесинде 38-40 сомдон сатылып келген сүттүн бир литри 50 сомго чыкты. Күн караманын майы (суюк май) 80-90 сомдон болуп келсе, азыр 155 сомдон сатылып жатат. Дээрлик эки эсеге жакын кымбаттады. Кумшекердин баасы 40 сомдон 60 сомго чыкты. Айтор, кымбатчылык карапайым кыргызстандыктарды кокодон алып турат. Ундун баасы да кымбат.


Биздин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Бензиндин баасы 15 сомго чейин кымбатташы мүмкүн» деп айтып ооздорун жыйгыча эле баасы күн санап көтөрүлүп отурат. Бүгүнкү күндө май куюучу станцияларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40 сомду чапчыды. Беш-алты ай мурда эле отуз сомго чейин төмөндөгөн эле.

Өткөн жылы өлкөбүзгө кирип келген коронавирус пандемиясынын айынан жумушсуз калып, күнүмдүк тиричилигиктери үчүн да тыйын таба албай бир топ кыйналган кыргызстандыктарды эми кымбатчылык төө бастыга алды. Пандемиянын кесепетинен улам чет мамлекеттерде иштеп жүргөн жүздөгөн, миңдеген мекендештерибиз Кыргызстанга кайтып келип, дагы деле жумушу жок жүрүшөт. Демек, элдин чөнтөгүндө азыр акча да жок. Ошондо эл азыр эмне менен азыктанып жатканын сураган жан жок. Анча-мынча чогулткан, каткан акча каражаттары барлар да капчыгынын түбүн кага баштады.


Ал эми кыргыз өкмөтү баалардын асман чапчып өсүп баратканына реакция жасабай жатканы түшүнүксүз. Же митинг, нааразычылык акциялары уюштурулганда гана көңүл бөлөбү? Азыр «Байкатпай барып калам» деп аким-губернатор, ведомство жетекчилеринин үшүн алып отура турган убакыт эмес. Андан көрө азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алуу биринчи маселе болуп турат. Ошол эле убакта күйүүчү-майлоочу майлардын да баасынын «канатын» кыркуу зарыл. Жаңы келген бийликтен элдин үмүтү чоң. Жашоо-шартыбыз оңолор, өлкөнү өнүктүрөр деген илеүгери үмүт менен карап турушат. Элдин ошол ишенимине жараша кыргыз өкмөтү да чечкиндүү кадамдарды жасашы маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн