Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бааларды көтөргөндөргө каршы мэр Азиз Суракматов рейдге чыкты (фото)

17.03.2020 12:57
938
Бааларды көтөргөндөргө каршы мэр Азиз Суракматов рейдге чыкты (фото)


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү бааларга киргизилген чектөө боюнча базарларда текшерүү иштерин жүргүзүүдө.  


Калаа башчысы баштаган бийлик өкүлдөрү алгач "Дордой-Дыйкан" базарына барышты. 


Текшерүү иштеринин натыйжасында айрым соодагерлер, соода кылган орундарында жок болуп чыкты. Шаар башчысы соодагерлердин жоктугун атайын жашырынып алды деп баалады.


Мындан сырткары Кыргыз өкмөтү бааларына чектөө киргизген азык-түлүктөрдү кымбат сатып жаткан учурлар да аныкталды.  


Текшерүүчү топ унду дүң сатып жаткан соода ордуна барганда, алар өкмөт токтом менен бекиткен чек 1450 сомдон 100го кымбат сатып жатканы белгилүү болду.  Бирок соодагерлер өздөрү  1500 сомдон алып, үстүнө 50 сом кошуп жатканын айтышты.  Аларга эскертүү берилип, бааларды түшүрүү талабы коюлду.  


Мындан сырткары шаар башчысы ар бир соода орундарда баалар илисин жана токтом илинсин деп буйрук берди. 


Ошондой эле "Дордой-Дыйкан" базарынын жетекчиси Эркин Салымбековго бааларды көзөмөлдөөнү тапшырды.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн