Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин ишин укук коргоо органдары иликтей баштады

16.03.2020 09:22
1013
Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин ишин укук коргоо органдары иликтей баштады


Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин ишин укук коргоо органдары иликтей баштады.  Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлайт. 


Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.


Ага ылайык, баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан айрым соодагерлерге жана ишкерлерге каршы Кылмыш кодексинин 216-беренеси ("Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүштү баштаган.


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырган. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, чайкоочулук кылып, баюуну көздөгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарады. Ушундан улам Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып ала баштаган. Натыйжада 1300 сомдун айланасында сатылып жаткан ун айрым базарларда 1800 сомго чейин кымбаттаган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн