Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баарыбызды кейишке салды. Мамлекеттик катчы Россиядагы жол кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

23.08.2022 15:44
362
Баарыбызды кейишке салды. Мамлекеттик катчы Россиядагы жол кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.


Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, кайрылуунун текстинде мындай деп айтылат:


“Урматтуу мекендештер! 2022-жылдын 21-августунда Россиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргыз жаранынын каза болгондугу, 3 адамдын оор жараат алгандыгы жөнүндө суук кабар баарыбызды кейишке салды. Бөөдө кырсыкты боолголоп болбойт, ошентсе да кабыргабыз кайышып турган чакта, аны ар бирибиз өз жандүйнөбүз аркылуу өткөрүп жатабыз.


Жакындары каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөм. Оор кырсыктан жабыр тарткан адамдарга тез сакайып кетишин тилейм. Ал эми жалпы мекендештеримди сабырдуу болуп, кырсыктан кабыргасы кайышып турган адамдарга колдоо көрсөтүүгө, колдон келген жардамыбызды берүүгө чакырам.


Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алардын ар биринин жаркын элеси жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат. Белиңиздерди бекем бууп, кайратыңыздардан жанбаңыздар. Жараткан сиздерди бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын”.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн