Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баасы 300 млн сомдон ашык. 84 килограмм алтынды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

19.04.2023 12:25
269
Баасы 300 млн сомдон ашык. 84 килограмм алтынды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

300 миллион сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирүүчү кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 2023-жылдын 17-апрелинде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, “JAC” үлгүсүндөгү автоунаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.


Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн