Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баасы 540 миң сомдук мыйзамсыз ташылып келген товар аныкталды

Баасы 540 миң сомдук  мыйзамсыз ташылып келген товар аныкталды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда М.А.А аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 25000 метр 25 жана 50 мм болгон изоляцияланбаган алюминий зымдар табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 540 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн