Сот департаментинин кызматкерлерине 47 кызматтык автоунаа берилди. Унааларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Анын айтымында, 2 жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн.
«Бүгүн биринчи жолу унаалар түздөн-түз сот аткаруучулардын колунда. Белгилей кетсек, бул унааларды мамлекеттик бюджеттен 92,1 миллион сомго сатып алдык», - деди ал.
Жапаров ошондой эле учурда Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо максатында мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйүп жатканын кошумчалады.
«2020-жылы 1,2 млрд сомду түзсө, 2023-жылы 3,5 млрд сомго жеткен. Бул каражаттар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- соттук отурумдарга заманбап технологиялар киргизилүүдө, бул сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
- санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана жаздыруу системасы ишке киргизилди. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулду», - деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн