Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баатырбеков жаңы дайындалган Алтынбек Исмаиловду жамаатка тааныштырды

19.06.2020 16:52
948
Баатырбеков жаңы дайындалган Алтынбек Исмаиловду жамаатка тааныштырды


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына ведомствонун жаңы дайындалган төрагасы Алтынбек Исмаиловду тааныштырды. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Алтынбек Исмаиловдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. 

Алмазбек Баатырбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктагандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын шарттарында санариптик технологиялардын ролун эске алуу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдына коюлган өлкөнү мындан аркы санариптештирүү боюнча милдеттерди жана максаттарды аткарууда жаңы дайындалган төрагага ишеним көрсөттү.

Алтынбек Исмаилов өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн бардык маселелерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн