Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бабанов, Атамбаев, Жапаров, Ташиев суралсын. Али Токтакунов ИИМге берген сурагы боюнча айтты

23.06.2021 13:38
998
Бабанов, Атамбаев, Жапаров, Ташиев суралсын. Али Токтакунов ИИМге берген сурагы боюнча айтты


Журналист Али Токтакунов октябрь окуяларына байланыштуу ИИМге сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, окуя калыс иликтениши үчүн Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев да сурак бериши керек.


"ИИМге сурак берип чыктым. Октябрь окуялары боюнча, күбө катары. Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов ж.б. суралышы керектигин айттым. 

Ошол учурга так юридикалык баа берилиши керек. Түрмөдөн адамдар мыйзамдуу бошотулганбы? 

Төңкөрүшпү же революциябы? 

Үмүтбектин өлүмүнө, ондогон адамдардын жарадар болушуна ким жоопкер? 

Баары суракка алынып, тийиштүүлөр жазасын алышы керек",- деп билдирүү калтырган Токтакунов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн