УКМК тарабынан кармалган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алынып келинген учурда журналисттер менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк тапты.
Бабанов өз сөзүндө ага коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин билдирди.
"Мага коюлуп жаткан айыптар толук - абсурд. Мен өкмөттү жетектеп турган учурда Кумтөр боюнча эч кандай келишим болгон эмес. Мен өзүм да эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Түшүнүксүз иштер болуп жатат",- деди Бабанов.
Пикирлер (1)