Бүгүн, 5-февралда Таласта Жерүй алтын кени боюнча жыйын пландалган. Анда жергиликтүү тургандар аталган кендин экологияга тийгизген таасирин талкуулашы күтүлүүдө. Ал эми бул жыйын учурунда чагым салуу үчүн “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өз адамдарын даярдап жатканан Фейсбуктагы “Эл Байлыгы-бийлиги Коомдук Уюму” барачасы кабарлады.
“Таласта өтчү Жерүй боюнча Элдик жыйынга Бабановдун Жерүйдөгү балакайлары Кубат Болотканов менен Калык Айтпаев провокаторлорду дайындап жатканы маалым болду! ИИМдин Талас областык башкармалыгы бул эки шумпайдын шайтан оюнуна жол бербейт деп ишенебиз! Элдик жыйын тынч өтсүн!”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн