Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бабанов чет өлкөдөн дарыланат. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлдү

27.07.2021 19:23
1186
Бабанов чет өлкөдөн дарыланат. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.


"Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду", - деп айтылат маалыматта.


Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн