Бүгүн УКМК тарабынан коррупцияга айыпталып кармалган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өз күнөөсүн мойнуна албайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Амантур Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, Бабанов премьер-министр болуп турган учурда эч кандай зыян келтирилген эмес.
"Бабановду суракка алгандан кийин кармаган. Ал өз күнөөсүн мойнуна албайт. Анткени Кумтөр боюнча ал туура эмес чечим чыгарган эмес",- дейт Абдырахманов.
Пикирлер (1)