Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ар дайым эле кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн өзүнүн тарапташтарын митингге чыгарууну адатка айландырып алды. Албетте, акчасы көп, 5-10 миң адамды көчөгө көтөрүп чыгууга каржылык абалы жол бере алат. Бирок, эгерде р бир чиновник, ар бир саясатчы өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн миңдеген адамдарды каржылоо менен митинг уюштура берсе, анда Кыргызстанда деги мыйзамдуулук орноп, коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болобу?
Кече 8-июнда Таластагы облустук драм театрынын алдына Өмүрбек Токтогуловичтин тарапташтары кезектеги митингин өткөрүштү. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Бабановду абактан бошотуу талабын коюшту. Бирок, эч бир мыйзамда «Митингчилердин талабы менен коррупцияга шектүү адам абактан бошотулушу керек» деп жазылган эмес да.
Өмүрбек мырза дайыма эле тарапташтарынын артына жашына калууну адатка айланткан. 2017-жылкы президенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү маалында Он-Адырдагы өзбек тектүү шайлоочулардын алдында «Тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы, силерди бир дагы милиция чекеңерден черте албайт» деген сыяктуу көкүткөн сөздөрдү айтып алып, анан шайлоонун жыйынтыгы билинип калган соң, «эс алууга кеттим» деп чет өлкөгө чыгып кеткенин билебиз. Ошондон кийин бир топ убакытка чейин Кыргызстанга келе албай жүрдү. Эки жолу «Мына мен Кыргызстанга бара жатам, аэропортко жетип калдым» деп жар салып, сүрөтүн соцтүйүндөргө чыгарып жатып, кайра айнып калганын да билебиз. Аны кайтып келет экен деп борбор калаада тарапташтары атайын даярдык да көрүп калышкан. Андай даярдыктар каржысы жок уюштурулбай турганы белгилүү. Кыязы, ошондо да Бабанов тарапташтарынын артына жашырынуу менен Кыргызстанга келгиси келсе керек. Бирок, аэропортко келгени менен, самолетко отурганга тобокелчилик кыла алган эмес.
Бабановдун тарапташтарынын көбү анын мындай коркоктугун «Бизнестери бар, байлыктары бар, ошолорду тарттырып жибериши мүмкүн да, ошондуктан этияттап жүрөт» деп актаганга аракет кылышат. Бирок, мамлекет башчысы болуу дымагы бар адам жеке байлыгынан ажырап калуудан эч качан коркпошу керек экенин эмнеге эске албайт? Өзүнүн байлыгын корголоп эле корко берген адам бийлик башына келип калса, ошондо кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алат? Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин кызыкчылыктарын тебелеп-тепсеп кетпейт дегенге кандай кепилдик бар?
Деги эле, кылмыш жоопкерчилигинен тарапташтарын митингге алып чыгуу менен кутулуп кетүү кайсы бир саясатчыга абийир, кадыр-барк алып келеби? Ошол митингдерди каржылаган акчасына мектеп, балдар бакчаларын же оорукана курдуруп койсо, алдаканча көбүрөөк сооп да алып, кадыр-барк да күтөт эле го. Ал эми «Кумтөр» маселесинде коррупцияга аралашпаганын соттук териштирүүлөрдө далилдесе эмнеге болбосун? Күчтүү адвокаттарды жалдап алганга кудурети жетет. Же сөзсүз эле абактан кайра-кайра кат жазып, тарапташтарын козута бериши керекпи?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн