Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевге карата баш коргоо чарасын тандоо боюнча сот жылдырылды. Бул тууралуу Бабановдун тарапташтары билдиришти.
Соттук отурум эртең, 2-июль саат 9:00гө жылдырылган. Баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат.
Эске салсак, Бабанов, Пирматов жана Узакбаев 31-май күнү УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн