Өмүрбек Бабановго карата ачылган мурдагы кылмыш иштер жокко чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановго карата укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинде эч кандай далилдүү фактылар табылган эмес.
Мындан сырткары, Бабанов менен болгон сүйлөшүүдө ал мамлекетке ыктыярдуу түрдө 100 миллион сом төлөп берүүгө макул болгон.
Пикирлер (1)