Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бабыржан Төлбаев кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатабы?

30.12.2020 09:43
1721
Бабыржан Төлбаев кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна Бабыржан Төлбаевдин атына  арыз келип түштү.


Маалым болгондой, бул арызды “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары жөнөтүшкөн. Алар Араван айылында МКК “Мөл Булак Финанс” ЖЧКнын филиалынын жетекчилиги кызматкерлерге кысым көрсөтүп жаткандыгын билдиришти. Алар кызматкерлерге шайлоодо президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаевге добуш берүүгө мажбурлап жатышат. “Баш тарткан учурда, кызматкерлер жумуштан айдалат” деп коркутушууда.


Бул факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине жана Араван АШКсына текшерүү үчүн жөнөтүлдү. Эгер маалымат тастыкталса, Төлбаевге айып пул салынышы мүмкүн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн