"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын Бишкек шаары боюнча лидери, "Мөл булак" кредиттик компаниясынын директору Бабур Төлбаев Баткенде чек арада жабыркаган жарандаррга жардам көрсөттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, Төлбаев каза болгон тургундардын жакындарына 25000 сомдон, жаракат алгандарга 10 миң сомдон жардам берген. Мындан сырткары, чек арада жабыркаган үй-бүлөлөрдүн "Мөл булак" кредиттик компаниясындагы 3 миллион 312 миң сом насыясын кечти.
Пикирлер (2)