Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бабур Төлбаев өкмөт башчылыкка ылайыктуу

15.01.2021 09:01
801
Бабур Төлбаев өкмөт башчылыкка ылайыктуу

"Хлеба и зрелища", - деген го илгерки Рим императорлору. Зрелище бүттү, эми хлеб керек элге. Башкача айтканда, эл багуу керек. Шайлоо да бүттү, той да бүттү, дискотека да бүттү. Конституция боюнча Президент экономикага жооп бербейт деп келдик. Бирок иш жүзүндө Президент бардыгына жооп берет. Мисалы, кечээки тарыхтагы дурус-буруш иштерибиздин акыбетин эл Президенттерден эле сурап жатпайбы. Акаевден, Бакиевден, Атамбаевден, Жээнбековдон... Алар менин тушумда момунча Өкмөт Башчы болду, ошолордон сурагыла десе мыйзамга ылайык болот. Бирок эл Президенттен сурайт экен.


Шайланган Президент Премьер-министрликке кимди алып барат? Көп маселе ушунда. "Катын экөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгабыз кыштан" заман болуп турганда, ким өгүздү да өлтүрбөй, арабаны да сындырбай өлкөнү өргө сүйрөп кете алат?


Кечээ элибиз шайлоодо талапкерлердин дараметин көрдү. Калк ичинде ошол талапкерлердин ичинен эле Премьер-министр болсун деген пикир басымдуу. Кеңеш берип, акыл үйрөткөндөн чарчабаган эл экенбиз, ошол элдин ичинде мен да бармын. Мен деле ушул маселе тегерегинде оюмду айтып койоюн. Мурда номиналдуу түрдө парламенттеги көпчүлүк коалиция Премьер-министрди көрсөтчү. Азыр эми кандай болуп каларын Медер Алиевден сурагыла. Билгеним: эки тизгин, бир чылбыр Президенттин колуна өттү. Садыр Жапаров кечээ Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин ичинен Өкмөт Башчылыкка жана Министрлер кабинетине тандаса жаман болбойт. Шайланган Президентибиз өзү да так талаштагы атаандаштарын кызматташууга чакырбадыбы?

Премьерликке нефть гиганты “Газпромдун” Казакстандагы өкүлү Аймен Касенов татыктуу болуп турат. Бирок нарк-насилди, бийликтеги регионалдык балансты эске алсак, Өкмөт башчылыкка Бабур Тольбаев ылайыктуудай. Бабур заман талабындагы жигит экен: билимдүү, реалдуу иши бар, АКШнын ишканаларында 12 жыл иштептир. Азыркы иши Россия, Азербайжанга чейин кулач жайыптыр. Сапар Исаковдун гарвардчы кеңешчилеринен кем калбаган билимдүү, андан да башкысы Европага же АКШга жылып ийсем деген ниети жок экен. Атасы кыргыз, апасы өзбек, аялы кореянка, кайненеси кыргыз; бизнес өнөктөштөрү араб, европалык, АКШлык жарандар, духовный устаты татар аалымы Шамиль Аляутдинов,  спорттук тренери россиялык спортчулар, инсандык өсүү боюнча устаттары дүйнөгө таанымал коучтар экен. Биздин эски саясатчыларга жолуксаң мен билем, меники туура, сонун иштеп аткам, мен айткандай болбоду, кыскасы, жердин киндиги өзүммүн дей берет. Төлбаевдин жакшы жери: мен болгону лидер, менеджермин, ар бир тармакты өз устасынан сурайм, ошолордун кеңеши менен иш кылам, бардык маселеде ийкемдүүмүн дейт экен. Европа Союзунун, араб дүйнөсүнүн каржылык институттары, абройлуу уюмдары менен жакшы алакасы бар экендигин жолугушууларда айтып жүрдү. Биздин бечел экономикабызга каржы агымы жакын арада келбесе, абалыбыз чатак. Өткөн жылы пандемиянын кесепеттери менен күрөшөбүз деп МВФ тен алган насыя социалдык жарылуудан сактап калды. Кечээ жакында эле аке-жакелеп атып, Россиядан 20 млн доллар алып келдик. Айтайын дегеним: бизге сырттан каржы алып келген адам керек азыр. Жалаң эле кусунду менен жашай албайбыз. Ансыз деле даңазалуу Раим Миллиондон башкасы кусуп кыйратчудай эмес. Сапар Исаков айткандай, Артем Новиков жакшы бала. Жакшы бала - азыр ПМ милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер. Ал Россиядан каржы кубалап келип турса, Бабур АКШ, Европадан доллар, евро алып келсе, кыштан чыгып кетебиз. Текебаев айткандай, андан нарагын көрө жатарбыз.

Бабанов ПМ болсун деген да пикирлер бар. Бирок Өмүрбек Токтогулович өтүлгөн этап. Бизнесин кылып, арасында күлүк таптап, тынч тирлик кылганы эп. Саясатка келем десе чилдей тарап кеткен партиялаштарын чогултуп, парламенттик шайлоого даярдык көрсүн.


Нургазы Мусаев, коомдук ишмер

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Таа
Економикага президент жооп берсе премьердин не кереги бар?
Таа
Аляутдинов менен тааныш болсо олкого не кызыкчылык.Макташ чеги да болуш керек.