Шахмат чөйрөсүнөн кабары бар мекендештерибиз Таштакеевдердин үй-бүлөсүн жакшы билишет. 46 жаштагы Съездбек Таштакеев - 9 баланын атасы. Түбү - Токтогулдан. Аялы Гүлбарчын -Жумгалдан чыккан Бүбүсара, Таттыбүбүдөн кийинки үчүнчү сулуу, Баатыр Эне. Таштакеевдердин 9 баласынын 4 жаштан жогоруларынын баары шахмат ойнойт. Балдардын экинчиси Руслан Азияга таанымал шахматчы, Азиянын бир нече жолку чемпиону, Кыргызстанда канча жолу чемпион болгондугун өзү деле так билбей калды болуш керек. 17 жаш курагында дүйнөнүн 20 дан ашуун мамлекеттеринде Кыргызстан намысын коргоп келди. Айжан да Азиянын чемпиону, шахматтын классикалык түрүнөн Азияда чемпион болгон жалгыз кыргыз кызы. Бул үй-бүлөдөн азырынча 5 КР чемпиондору чыкты. Съездековдор - айта берсе узун сабак болчу, кыргыздын сыймыктуу үй-бүлөсү.
Бабур Төлбаев КР Шахмат федерациясынын вице-президенти катары кызматтагы ишин сөз болуп жаткан чемпиондордун үйүнө барып, кабар алуу менен баштады. Съездбектин үй-бүлөсү Бишкектин “Көлмө” конушунда турат. Шаарда турганына карабастан короосуна тандыр куруп алышкан. 11 мүчөсү бар үй-бүлөгө нан сатып жесе түтмөк беле. Гүлбарчын эки күндүн биринде нан жабат экен. Биз Бабур мырза менен барганда кожойке тандырдан ыпысык нанды үзүп коюптур. Бала чакта жакшы көрчү элек деп Бабур тандырдан катырак үзүп жеди. Съездбек үйгө киргиле деди. Үйдө 9 бала тогуз иш менен алек. Кичинекейлери сүрөт тартса, чоңдору шахмат ойноп, сабак даярдап отурушуптур. Дасторкон четиндеги маек аябай кызыды. “Чоң үй-бүлөнүн өзү бакыт, биз да тогуз бир тууганбыз”, - деди Бабур.
Съездбек 5 баласын салып алып, Көлгө Эл аралык чемпионатка барып, бирок акчасы жок болгондуктан уул балдары менен коттедждин тапчанында түнөп, машинасы менен такси кылып, 10 күн балдарын бакканын, анан чемпионатка катышкан балдар байге утуп, Бишкекке 30 000 сом менен келишкенин айтып берди. Төльбаев болсо чемпиондорду Европа, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышуусуна жардам бермей болду. Алгач Айжан, анан Руслан менен шахмат ойноп, экөөнөн тең жеңилип калды. Руслан Бабурду 15 секундда эле утуп койду окшойт.
Тогуз бала тогуз жаткан чурулдап кечээги Президенттикке талапкер менен сүрөткө түшүштү. Бабур Съездбек менен карым-катышта болууга, чемпиондорду болсо колдон келишинче колдоп турууга убада берди. Баатыр Ата, Баатыр Эне чемпион балдары менен, алардан кабар алганы барган Бабур мырза да амандыкта болсун. Алардын кызматташуусу Кыргызстанга көп-көп ийгиликтерди алып келсин.
Нургазы Мусаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн