Бугу 01, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Багыты жана башкаруучусу аныкталбаган Кыргызстан

22.05.2020 13:57
1078
Багыты жана башкаруучусу аныкталбаган Кыргызстан


Кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” аттуу кинотасмасын көргөнсүз да? Көрсөңүз дал ошондогудай абал бүгүнкү биздин жашап жаткан Кыргызстанда “тунуп” турган сыяктанат. Бир айырмачылыгы – ал кинодо автобус ичиндегилер бара турган жери кайсыл жак экенин жакшы билишет, бирок ага чейин жол таппай өтө азап чегишет. Бир автобустун ичинде диний, саясий көз караштары келишпегендердин чыр-чатактары улам күчөп, кайра басылып турат. Адамдагы адамдык баалуулуктарды жоготкон жаштардын образы да ачылып берилген. Эң башкысы – рульда отурган адамдардын керт баштарынын кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албаганы адашуулардын өзөгү болуп бергени. 


Бүгүнкү күндөгү Кыргызстан да рульда ким отурганы жана ал бизди кайда алып баратканы белгисиз маршруттун кейпин кийип турат. Руль – бул бийлик болушу керек эле, президент, мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлиги. Ал эми алган багытыбыз – мамлекетибиздин курулушунун так жана даана планы болушу шарт болчу. 


2010-жылдагы апрель революциясынан кийин демилгеленген конституциялык реформа боюнча өлкөбүз парламенттик башкаруу системасына өтүшү керек эле. Ага ылайык президенттин ролу эл аралык саясат жана коргонуу менен гана чектелип калмак. Бирок, бүгүнкү күндөгү Конституцияны анализдей келсек, Кыргызстан толук кандуу классикалык парламенттик республикалардын катарына кирбейт. Конституцияда бекитилген башкаруу формасы “парламенттик-президенттик” болуп саналат. 


Тилекке каршы, ошол парламенттик-президенттик башкаруу дагы бизде өз деңгээлинде иштей албай жатат. Эгемендик алганыбызга отуз жылга чукул убакыт болсо, ошонун ичинен легендарлуу парламент гана бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагы катары татыктуу иштей алды. Андан кийинки чакырылыштар мамлекеттин сырткы жана ички саясатынын негизги багыттарын аныктай ала турган бийликтин бир бутагы боло албай келет.  


Парламенттик башкаруу формасынын негизи – бул көп партиялуу система болуп саналат. Бирок, юстиция министрлигинде катталган партиялардын саны партиялык системанын өнүгүү деңгээлин көрсөтө албайт. Биздеги партиялардын басымдуу бөлүгү жөн гана катталып койгон “өлүк” партиялар. Алар саясий партия деген статус алыш үчүн убакыт жана тынымсыз аракеттер керектелет. Чыныгы саясий партия болуш үчүн өтө көп керектүү белгилери болушу керек. Мисалы, партиянын өзүнүн саясий идеологиясы, харизмасы күчтүү лидери, өлкөнүн булуң-бурчунда, жок эле дегенде ири административдик-территориалдык аймактарында өзүнүн өкүлчүлүктөрү, ошол партияга добуш бере турган туруктуу электораты, бийлик органдарында, коомдун интелектуалдык жана экономикалык элитасында өздөрүнүн өкүлдөрү, каржылоо булагы, өздөрүн колдогон маалымат каражаттары, саясий тарыхы болушу шарт.  


Тилекке каршы, биздеги катталган, бирок “өлүк” партиялар гана эмес, парламенттеги партиялардын да бирөөсү саясий партиянын классикалык белгилеринин баарына ээ эмес.  Партиялар коомдук-саясий талкууларга катышпайт, өздөрүнүн антикризистик программаларын иштеп чыгышпайт, мамлекеттик жана коомдук жашоодогу актуалдуу маселелер боюнча өз позицияларын билдиришпейт. Жыйынтыгында жарандарыбыз партиялар аркылуу бийликке таасир этүү, өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эмес. Алардын ордуна мамлекеттик жана коомдук иштерге бейөкмөт уюмдары көбүрөөк кийлигишип кетүүдө.  


Мамлекеттин “рулун” өз колуна алууга президенттин Конституцияда кыскартылган ыйгарым укуктары жол бербейт. Жогорку Кеңеш – депутаттык корпустун сапатынан, али толук кандуу саясий партия катары түптөлбөгөн партиялардын жана жетиштүү ишмердүүлүк жүргүзө алышпаганынан улам рулга ээ эмес. Ал эми өкмөт өз курамынын сапатынан, коалициянын качан болсо ыдырап кетүү коркунучу бардыгынан улам чечкиндүү кадамдарды жасай албайт. 


2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган Конституция боюнча президенттин бир катар функциялары жана ыйгарым укуктары алынып салынган. Алардын көпчүлүгү Жогорку Кеңешке жана өкмөткө бөлүштүрүлгөн. Мисалы, президент Конституция боюнча мыйзам демилгелөө укугуна, референдум дайындоо укугуна, өкмөттүн жана башка аткаруу бийлигинини органдарынын нормативдик укуктук актыларынын аракеттерин токтотуу укугуна, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоо укугуна жана башка дагы бир катар укуктарга ээ эмес. Алтургай өкмөт да президенттин алдында отчеттуу жана жоопкерчиликтүү болбой калган. Анан дагы жылына мамлекеттеги абал боюнча Кыргызстандын элине кайрылуу жасап туруу укугунан да ажыраган. Баарынан кызыгы бул укук Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да берилбей калган. Анан ошондо мамлекетти башкаруу рулу кимдин колунда болот? 


Жогорку Кеңеш болсо мамлекеттик институт катары демократиялык “декорация” гана болуп калганын жогоруда да айттык. Парламентке келген депутаттардын улам жаңысынын деңгээли мурдагысынан төмөн болуп жатканын да жашыра албайбыз. Эгемендиктин алгачкы жылдарында билим, тажрыйба, интелектуалдык деңгээл көбүрөөк роль ойносо, азыр капчыктын калыңдыгы гана бардык маселени чечип калды. Натыйжада парламентте кимдир-бирөөнүн аты-жөнүн да дурустап айта албагандар “атаман” болуп калды. 


Классикалык парламенттик республикаларда өкмөт башына шайлоодо эң көп добуш алган партиянын лидери келет. Анан ошого жараша анын парламентте бекем таянычы болгон фракциясы болот. Бизде болсо өкмөт башына партияга тиешеси жок эле бирөө келе алат, бирок кайсы бир партиянын атынан. Анан ал албетте өзүн сунуштаган партияга көз каранды болот. Белгилей кете турган жагдай, Конституция боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктары алдаканча көп. Бирок, ошол ыйгарым укуктарын орундуу пайдалануунун ордуна, өкмөт мурдагысындай эле буйрук, көрсөтмө күтүп отурат. 


Айтор, өлкөдө башкаруу рулу кимдин колунда экени түшүнүксүз. Алган багытыбыз да белгилүү эмес. Мындай өлкөнүн келечеги эмне болушу мүмкүн?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн