Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий борборунун жетекчиси менен жолугушту

16.07.2021 14:13
767
Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий борборунун жетекчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселесин талкуулады.


Кытай Эл Республикасына коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири.


Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн