Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:34
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери кызматынан пайдаланып жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен

10.03.2021 13:19
708
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери кызматынан пайдаланып жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен

Талас облусунун Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып өзү жана башка адамдар үчүн пайда, артыкчылык алуу максатында К.Т. аттуу жаранга берилген жерден А.Б. аттуу райондун тургунуна жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом кабыл алышкандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлери жогорудагы токтомдун негизинде билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик акты даярдашып, анын жыйынтыгы менен А.Б. аттуу жаранга Генералдык планында каралбаган жер тилкеси мыйзамсыз катталган.


Жер тилкеси биринин үстүнө бири катталып берилгендигинин кесепетинде ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлери дагы башка эки жарандын (К.Т. жана К.А.) укук күбөлөндүрүүчү документтерине жалган маалыматтарды киргизишкен.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн белгиленген фактылар райондук прокуратуранын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 4 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн