Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 19:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Бакай-Ата районунда 3,7 млн сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

10.08.2022 14:56
719
Бакай-Ата районунда 3,7 млн сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас областтык прокуратурасы тарабынан мектепке тиешелүү 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.



Прокурордук текшерүүдө, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен К.Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 га жер тилкесин 5 жаранга жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган. 


Жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органына 5 доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган. 


Жыйынтыгында, Талас областтык прокуратурасы тарабынан Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке аталган айыл өкмөттүн балансына алынып, К.Султаналиев атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн