Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Таш-Кудук айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу катышты.
Белгиленгендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн