Абдил Сегизбаевдин балдарын ойнотуп, магазинге алып барууга даярмын. Мындай пикирин активист Бакай Кашкарбаев билдирди. Ал жалпы талапкерлерге кайрылып, чагым салбоого чакырган.
“Чагым салбай жөн олтургула. Шайлоо жакындаганда ушундай кептер чыга берет. Ага ишенбегиле. Абдил Сегизбаев деген калпычы, “лапшагон” “балдарымдын бетине кислота чачканы жатыптыр” деп айтыптыр. Урматтуу Сегизбаев, эгер сизге ошондой коркунуч жаралса коргогонго даярбыз. Мен өзүм беш баланы ээрчитип, балдарыңды ойнотуп, кайра киргизип турайын. Магазинге чейин алып барайын. Акча да албаймын”, - дейт ал.
Пикирлер (1)