Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бакай Кашкарбаев Атамбаевдин колдоочуларынын митингине чагым салуу үчүн барган

14.12.2020 15:56
674
Бакай Кашкарбаев Атамбаевдин колдоочуларынын митингине чагым салуу үчүн барган


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митингине чагым салуу үчүн барган. Мындай пикирин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Фархад Бабиев Бакай Кашкарбаев менен жекшемби күн Фейсбукта дебатка чыгып жатып билдирди. 


Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган митингге Бакай мырза билип эле барган. Эгер ал өзү айткандай интернеттен эле көрүп барганда 50 метр жакындаганда лозунгдагы жазуулардан билмек. Бул киши атайын эле чагым салуу үчүн барган”, - дейт ал.


Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Соттун имаратынын астында Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатканда Кашкарбаев барып, ал жерде түшүнбөстүк пайда болгон.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн