Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири Бакай Кашкарбаев "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу билдирген.
Ал президентке кайрылып, Өмүрбек Бабановду кечирбөөнү суранган.
"Садыр Нуркожоевич, Бабановду кечире көрбөңүз. Бул өтө коркунучтуу адам. Муну жоопко тартып, мал-мүлкү менен камаңыз. Банкы менен көп адамды эшикте калтырды. 60 гектар жерди кантип алып алдың?",- деди Бакай Кашкарбаев.
Пикирлер (2)