Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири Бакай Кашкарбаев бүгүн Башкы прокуратуранын имаратына барып жаңжал салды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына түз эфирде чагылдырган.
Ал өзүн "Элдик көзөмөл" кыймылынын атынан келгенин айтып, эмне үчүн Зулушев бизди кабыл албай жатат деп нааразы болгон.
Кашкарбаевдин жанында Башкы прокуратурага 5 жылдан бери үнү жетпеген адамдар бар экенин байкоого болот.
Пикирлер (1)