Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакай Кашкарбаев Башкы прокуратурага жооп берди

16.01.2021 22:31
1970
Бакай Кашкарбаев Башкы прокуратурага жооп берди

Башкы прокуратура активист Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараткан. Буга байланыштуу "Элдик көзөмөл" кыймылынын жетекчиси, Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири Бакай Кашкарбаев Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди. 


"Тергөөчүлөр, мага карата иш козгопсуңар чакыргыла мен жооп берем. Кандай маселе болсо да жооп берем. Мен эле эмес эми силер да жооп бере турган күн келди. 30 жылдан бери мен сыяктуулардын оозун жаап келдиңер эми жаба албайсыңар. Себеби менин артымда миңдеген жигиттер турат. Сага бир нерсе эле болсо биз жөн койбойбуз деп. Чыныгы демократия эми орноду. Элдик көзөмөл эми силердин ишиңер көз салабыз. Жеп, ичип жатканыңарды жашыра албайсыңар. Мени чакыргыла мен дайым жооп бергенге даярмын",- деди Кашкарбаев.


 Мындан сырткары, Кашкарбаев элдик көзөмөл эми сырттан келген инвесторлорду жемкорлорго талатпай өз көзөмөлүнө  ала  турганын кошумчалаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн