Болуп жаткан иштердин баарына Садыр Жапаров жооптуу. Мындай пикирин Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Өлкөдө болуп жаткан ар бир иш үчүн Садыр Жапаров жооптуу. Ал бир ай эл кыдырып жүрүп убада берген. Өлкөнүн тагдырына жооп берем деген. Мен азыр болуп жаткан окуя боюнча пикиримди билдирип коёюн. Менин мурда эле бир мусулман катары муфтиятка таарынычым бар эле. Муфтият динди өнүктүрүү боюнча эч кандай реформа жасай албай келет. Шариатка туура келбеген нерселерди токтото алган жок. Киши каза болгондо мал сойгонду да токтото алган жок",- деди Кашкарбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн