Финполиция бизнесмендерди эзип жатат дейт. Мындай пикирин "Элдик көзөмөлдүн" жетекчиси Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Финпол бизнесмендерди коргоп ыңгайлуу шарт түзгөндүн ордуна кысып жатат.
"Элдик өкмөт эл үчүн иштейт. Бизнеске жагымдуу климат түзүп бергиле. Салык төлөөчүлөр силер да туура, так салыгыңарды көрсөткүлө азыр карасак болбогон маянаны жазып койгонсуңар. Садыр Жапаров мыйзамдуулукту жогору баалайт. Ошондуктан биз дагы президентке, өкмөткө жардам берип кызматташышыбыз керек. УКМК, Финпол, "Элдик көзөмөл" баарыбыз ишкерлерге жардам берели", -деп кайрылган Кашкарбаев.
Пикирлер (1)