Менин сүйүүмдү сатып алууга Матраимовдун акчасы жетпейт. Мындай пикирин Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев "Регион" каналына берген маегинде билдирди.
"Мен ачык айтып коюшум керек. Чындыгында, Матраимовдон башка, андан өткөн толтура коррупционерлер бар. Матраимовдун тарапташтары туура эле айтып жатат. Аларды да төлөтүп,кустуруш керек. Райымдан башкасы мындай чоң көлөмдө акча төгө элек. Анан Бакай Райымдан акча алып алыптыр деген сөз жалган. Менин сүйүүмдү сатып алууга Райымдын акчасы жетпейт",- деди Кашкарбаев.
Пикирлер (1)