Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып азыркы өкмөткө купулу толбой турганын билдирди.
"Урматтуу депутаттар, ушундай кырдаалда Улукбек Марипов өкмөттү тартып кете алабы? Кечирип коюңуздар. Акылбек Жапаров деле айтты го алып кете албайт деп. Же Улукбек Марипов мен алып кете албайм деп өзү баш тартса болбойбу? 100 күндө эмне деген гана иштерди бүтүрсө болот. Элдин талабы күчтүү болуп жатат. Муну алып кете албайсыз. Элдин социалдык тармактардагы оюн окуп койбойсузбу?", - деди Кашкарбаев.
Пикирлер (1)