Президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалым болгондой, Кашкарбаев Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", 355-беренесиндеги "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси - "Майда бейбаштыкка" шек саналууда.
Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн