Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакай Кашкарбаев эми дин иштерине аралаша баштадыбы?

21.05.2021 12:17
2527
Бакай Кашкарбаев эми дин иштерине аралаша баштадыбы?


Жадакалса өзүнүн фамилиясын да туура жаза албагандар элге ар кыл темада акыл үйрөтүп жүргөн заман болду. Өзүнүн билими да дурус экени күмөндүү Бакай Кашкарбаев аттуу жаран буга чейин билим берүү министрлигине «1-класстарга сумка көтөртпөгүлө, үй тапшырмасын бербегиле» деген сыяктуу сунуштарды айтып чыккан. «Ушуга да акылыңар жетпейби?!» деп койгонуна аргасыз күлүп тим болгонбуз. Жиндиге теңелсең, жинди эле болосуң да.


Бирок, бул Кашкарбаев эч эле токтоно албай, бирде мэрияга барып, бирде сот-прокуратуралардын имараттарына барып, коркутуп-үркүтүп эле басып жүрөт. Ошентип жүрүп акыры Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп алган эле. Өмүрүндө айыл чарба тармагында иштебеген, бул жаатта билими да жок адамдан министр кандай кеңеш алгысы келгенин деле коомчулук түшүнбөй калган.


Ошентип айыл чарба министринин кеңешчиси болуп алган Бакай Кашкарбаев эми дин иштерине да аралашкысы келип калса керек. Ал бүгүн муфтияттын алдындагы митингге барып, ал жерден «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «түз эфирге» чыгып, аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн, дин иштери боюнча комиссиянын төрагасын бир аксакал кишиге шыбаттырып отурат. Өзү улам аны кубаттап, комментарий берип коет.


Айыл чарба министринин кеңешчисинин кызматтык милдети дин иштерине кийлигишүү, муфтияттын алдына митинг өткөрүү болуп саналабы? Эмнеге бул жигит чийинден каалагандай чыга берет? Негизи эле мунун өткөн жылдын октябрь айынан берки сүйлөгөн сөздөрүн, жасаган иш-аракеттерин жакшылап мыйзамдын алкагында анализдесе, анда ал азыр жок эле дегенде кылмышка шектүү болуп отурушу керек эле. «Ат менен сүйрөтүп кетебиз, жөн эле жанчып салабыз, жаман болуп каласың» деген коркутуу сөздөрүн ал ачык эле видеокайрылуулары аркылуу жасап турган. Эмне, адам өмүрүнө коркунуч туудурган сөздөрдү айта берүүгө мыйзам жол береби?


Деги эле диний маселе – бул өтө этияттыкты талап кылган маселе. Анан муфтияттын алдына барып алып, кимдир-бирөөнүн оозу менен аалымдар кеңешин, дин иштери боюнча комиссиянын төрагасын шыбаттырып отурганы көп чырдын башы болуп бербейби? Акыры ушул Кашкарбаевге «Акылыңа кел, билимиң, деңгээлиң жетишпеген маселелерге башыңды салба!» деп эскертип кое турган жан барбы?


Андан көрө ушунча дайындалып алгандан кийин Айыл чарба министрине кеп-кеңешин берип отурбайбы. Же муфтият Айыл чарба министрлигине карап калды беле?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн