Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бакай Кашкарбаевдин “оозун жаап” койдубу?

21.01.2021 09:10
776
Бакай Кашкарбаевдин “оозун жаап” койдубу?


“Жарандык көзөмөл” деген уюм түзүп, карапайым элдин таламын талашып, далай чиновниктердин түн уйкусун бузуп келген Бакай Кашкарбаев акыркы кездери көрүнбөй калды. Күн сайын социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, аткаминерлерди сынга алып, катуу опурулуп келген Бакай мырзага жакында кылмыш иши козголгон эле.


Башкы прокуратура ага карата 2020-жылдын 25-ноябрында бийлик өкүлүн опузалаганы үчүн деп Жазык кодексинин 355-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде кылмыш ишин козгоп, ал бирдиктүү реестрге катталып, тергөө уланып жатканын маалымдаган.


Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочуларынын бири болгон Кашкарбаевдин эмне үчүн үнү чыкпай калды? Же укук коргоо органдарына сурак берип бүтпөй жатабы? Күн сайын бүйүрдү кызыткан билдирүүлөр менен чыккан активисттин “оозун жаап” койдубу?  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн