Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бакетаев: Өмүрбек Субаналиев өзүнүн орун басары кылып өкүл баласын дайындап алганы - коррупция

02.03.2021 16:32
1490
Бакетаев: Өмүрбек Субаналиев өзүнүн орун басары кылып өкүл баласын дайындап алганы - коррупция


Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Өмүрбек Субаналиев өзүнүн орун басары кылып, өкүл баласы, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Эрлан Сапарбаевди дайындап алышы – коррупция. Мындай пикирди саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын ою боюнча, чек ара маселеси курч абалды жаратып турган Баткен облусуна жетекчи болуп Өмүрбек Субаналиевдин өзүнүн барышы деле туура эмес саясат болгон.

“Генерал болуп кимди коркута алабыз? Коңшу мамлекеттер менен чек ара чырларын чечүү генералдын колунан келбейт. Чыныгы дипломат, чек ара көйгөйүн жакшы билген жетекчи келиши керек эле. Ал аз келгенсип, өзүнүн өкүл баласын орун басар кылып дайындап алганы бул коррупция”, - деп белгиледи Бакетаев.

Бүгүн, 2-мартта Өмүрбек Субаналиев Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Эрлан Сапарбаевди өзүнүн орун басары кылып дайындап алганын, ал анын өкүл баласы экенин 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Котонунун бул назночениеси уй булолук башкарууга жол ачат. Муну коруп башка жетекчилерда оз билген намазын окуй башташат. Анан Кыргызстанда тынчтык болбойт