Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров мамлекетке конфискацияланган мүлктөр тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин улуу баласы Мараттын Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисиндеги үйү 2019-жылы ошол кездеги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн.
Мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин үйүн Интеллектуалдык менчик кызматы алган жана учурда ал жерде быйыл август айында түзүлгөн "Шумкар трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому жайгашкан.
Өкмөт бул корпорация учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат деп билдирген. Ага ылайык, "Шумкар" 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн жана анын негиздөөчүсү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду деп жазылган.
Мирлан Бакиров азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын негизинде канча мүлк мамлекеттин карамагына өткөнү тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн