Жыл аягына чейин Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушун бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда фундаменталдык чуңкур даярдалды.
"Азыр нөлдүк иш жүргүзүлүп жатат", - деди чиновник.
Эске салсак, реабилитациялык борбор мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрүнүн ордуна курулат, буга чейин имараттар сүрдүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн