Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ушул жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо саясий партиялардын бирин каржылоо үчүн деген шылтоо менен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алган деген шек менен камакка алынганы белгилүү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди. Албетте, ал кыңыр иштин канчалык деңгээлде чындык экенин тергөө иштеринин жыйынтыгы көрсөтөт.
Негизи эле Бакир мырза эки жылдан ашуун убакыт Каржы полициясын жетектеп отурду. Бирок, ушул убакыт ичинде коомчулукта резонанс жараткан чуулгандуу коррупциялык иштерди тергөөнү аягына чыгара алган жок. «Мен өзүм принципаилдуу баламын, менде жек-жааттык, тууганчылык үчүн коргоо деген жок» деп ал «Азаттыктын» ал кездеги журналисти Али Токтакуновго июль айында маек бергени эсибизде. Анан дагы ошол маегинде «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 миллион доллар, Матраимовдун чет мамлекеттердеги мүлктөрү тууралуу иштерди иликтөөнү бир жуманын ичинде аяктай тургандыктарын убада кылган болчу.
Бирок, андан кийин да аталган кызматта үч айдан ашык отурду. Эгернде октябрдагы тополоң болуп кетпегенде балким дагы деле бул кызматта отурмак. Ошентип бир жумада аягына чыгабыз деген убадасын ал октябрь айынын орто ченине чейин да ишке ашырган жок.
Али Токтакунов Бакир Таировдун (каржы полициясын жетектеп турган чагында) кабинетинде алган маегинде аны жарга такаган суроолорду көп берген. Мисалы, ошол эле 700 миллион доллар тууралуу Бакир Таировдун «Ал акчалар «Дордой», «Мадина» жана «Кара-Суу» базарларынын соодагерлеринин товар алуу үчүн чогултуп берген акчалары экенин аныктадык» деп «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин дароо эле парламентте депутаттардын алдында айтканын эске салган. Ал эми Бакир Таиров «Мен так айткан эмесмин, болгону мендеги оперативдүү маалымат боюнча деп айткам» деп кайра жалтаңдап турганын көргөнбүз. Эгерде ал такталбаган маалымат болсо, анда эмнеге жогорку трибунада «ушундай экен» деп айтып коомчулуктун башын айлантышы мүмкүн эле? Ушунун өзү эле анын Райым Матраимовду калкалоого жасаган аракети болуп саналбайбы? Эгерде эч кандай аны калкалоо ниети болбосо, анда эмне себептен дээрлик 7-8 ай бою Матраимовдордун мүлктөрү канча экенин аныктап бүтө албай коюшкан?
Бул иште Бакир Таировдун бир туугандарына байланышкан да жагдай бар. Муну да «Азаттык» өз иликтөөсүндө ачыктаган. «Ака Петролеум» компаниясы «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсын негиздеп, Чаткал районундагы кенди казууга лицензия алган. Аталган ЖЧКнын директору Токтосун Туманбаев болгон. Ошондой эле негиздөөчүлөрүнүн арасында Чолпон Элмуратова деген айым да бар. Токтосун Туманбаев Таировдун карындашынын күйөөсү, ал эми Чолпон Элмуратова болсо инисинин аялы болот. Бакир Таиров аттары аталгандар өзүнүн жакын адамдары экенин мойнуна алганы менен, «Ака Петролеум» деген компанияга алардын тиешеси бардыгын билбейт экенмин деп жооп берген.
Өзү өлкөнүн каржы полициясын жетектеп турса, анан дагы «Азаттык» өз иликтөөсүндө бардык документтерди, далилдерди алдына алаканга салгандай жайып берип жатса да бир тууган иниси менен карындашынын өмүрлөштөрүнүн ал компанияга тиешеси бар экенин таптакыр билбеген кишидей түр көрсөткүсү келгенине ким ишенет? Эмне үчү ал «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү маалыматтар боюнча иш ага февраль айынын башында келсе, аны октябрь айынын орто ченине чейин аягына чыгарган эмес? Бул анын өзүнүн жеке үй-бүлөлүк, бир туугандык кызыкчылыгы менен байланыштуу эмес деп айтууга ишенсек болобу?
Дагы бир жагдай 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин Каржы полициясына Сыймык Жапыкеев жетекчи болуп барган соң, ал Райым Матраимовдун иши боюнча аталган мамлекеттик кызмат мурда эле кылмыш ишин козгогон экенин айтканы бар. Демек, кылмыш иши козголгон, бирок эмне үчүн ал өтө узакка созулган? Коомчулукта резонанс жараткан ишти иликтөөгө бардык күчтү жумшап, акыйкаттыкты элге көрсөтсө, анда октябрдагы тополоң балким болбойт беле?
Эми УКМК ушул иштердин аягына чыгуусу зарыл. Балким Бакир Таировдун колу-бутун тушап турган маселе – өзүнүн бир туугандарынын да ошол өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондорго катыштыгы бардыгы болушу мүмкүн эле. Андай кишен бүгүнкү жетекчилердин колу-бутунда жок болгон соң, өлкөдөн чыгарылган 700 миллион доллардын чоо-жайы тууралуу ачык иликтенген, далилденген фактыларды коомчулукка ачык айтып, аларды кайра өлкөгө кайтарып алуу үчүн кандай кадамдар жасала турганын да билдирип койгону туура болор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн