Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бакир Таиров бошотулду. Уурулар оңой эле кутула берсе мамлекет кайда барат?

18.02.2021 11:33
1816
Бакир Таиров бошотулду. Уурулар оңой эле кутула берсе мамлекет кайда барат?



17-февралда Экономикалык кылмыштуулуккка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таиров үй камагына чыккан. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын "Кактус-медиа" сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды. Маалым болгондой, буга чейин Таиров мамлекетке 20 миллион сом төлөп тергөө менен кызматташары айтылган.


Негизи соттордун, тиешелүү органдардын мындай аракети коомчулукта нааразычылык жаратат. Таировдун бир катар фирмалардан ири суммадагы акчаны басым аркылуу алганы буга чейин ачыкка чыккан. Мындай адамдар арам жол менен тапкан акчасын эки эсе кайтарып, андан кийин жазасын да алышы керек. Кытайда коррупционерлер толугу менен кускандан кийин атууга кетет. Бизде болсо уурулардын колго түшүп калганын ушундай жол менен бошто берсек кайда барабыз? Таиров акчасын алган фирмалар эмне болду? Кыскасы мындай көрүнүштөр жакшылыкка алып келбейт. Президент Садыр Жапаров ойлонушу керек!

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ажар
Деги справедливость деген нерсе Кыргызстандан кочуп кеткен окшойт э.....баарын чыгарып, турмолорду жаап салгыла да