Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Бакир Таиров "Биримдик" партиясына кантип акча чогулткан?

11.05.2021 13:28
1231
Бакир Таиров "Биримдик" партиясына кантип акча чогулткан?

15-апрелде Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин директору Каныбек Ботобаевге карата өкүм чыгарган. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.


Окуянын чоо-жайы:

Тергөө амалдарынын негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров менен "Кадастр" МИсинин директору Абдумуктар Маматов "Кадастрдын" филиалдарынан "Биримдик" партиясы үчүн акча топтоону макулдашкан.

Таиров сентябрь айынын башында Ботобаевди кабинетине чакырып, партия үчүн акча топтоону тапшырган жана тапшырма аткарылбаса кызматтан кетерин билдирген. 


Ботобаев Мамтов менен жолугушуп, Таировдун тапшырмасын "Кадастрдын" директору Маматовго жүктөгөн. Маматов болсо аймактардагы филиалдардан 14 миң доллар топтоп Таировго сентябрь айынын аягында өткөрүп берген. 


Натыйжада ачылган кылмыш ишинин негизинде үч тарап да күнөөлөрүн мойнуна алган жана тергөө менен кызматташууга макул болуп келтирилген зыянды толтуруп беришкен. 

Сот айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн