Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бакир Таиров сотто күнөөлүү деп табылды. Ага кандай жаза берилди?

21.04.2021 11:27
1082
Бакир Таиров сотто күнөөлүү деп табылды. Ага кандай жаза берилди?


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таиров сотто күнөлүү деп табылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. 


Маалыматка караганда, Бакир Таиров 2020-жылы парламенттик шайлоо алдында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерине партиялардын бири үчүн каражат топтоого тапшырма бергени аныкталган. 


Айыптоочу тарап Таировдун тергөө менен кызматташууга макул болуп, мамлекетке 20 миллион сом төккөнүн эске алып, аны күнөөлүү деп табууну суранган. 


Сот кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, Таировду күнөөлүү деп тапканын жана ага 265 миң сом айып салынганын жарыялады.


Эске салсак, Таиров 2020-жылдын 10-декабрында кармалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн